Жыл мугалими — 2022
«Жыл мугалими — 2022» регионалдык сынагынын уюштуруучулары Жайыл райондук билим беруу болуму, билим беруу кызматкерлеринин райондук профсоюздунун комитетинин комогу, демоорчулордун катышуусунда откорулот.
Сынактын максаты: Мугалимдик кесиптин кадыр баркын жогорулатуу,
Биздин мектептин намысын жаш химия мугалими Эргешова Нуржан коргоду. Жалпы мугалимдер жамааты озгочо мектеп директору Рысалиева Бегайым колдоо корсотту.
Конкурстун женуучусу Нуржан томонкучо баяндап берди:
Сынак 2 ай убакыт аралыгында болду, 4 этаптан турду. Мен үчүн эң жеңили биринчи этап болду. Биринчи этапта педагогика, психология жана Мамлекеттик стандарт боюнча тестирлөөдөн өттүк. “Мен санарип мугалиммин”- деген темада эссе жаздык, портфолио жөнөттүк.
Экинчи этаптын тапшырмасы «Педагогикалык ишмердүүлүк» видео-презентациясы болду. Видео-презентациянын узактыгы: 7 мүнөт. Форматы: электрондук. Видео-презентацияда мен өздүк кабинетимдин жабдылышын, дидактикалык материалдардын көргөзмөсүн, класс жетекчилик ишмердүүлүгүмдү, өз билимин өркүндөтүү жана педагогикалык чебер ишмердүүлүгүмдү көрсөттүм.
Үчүнчү этаптын тапшырмасы «Сабак» өтүү. Сынактын тапшырмасынын форматы: предмет боюнча сабак (регламент – 45 мүнөт) + сабактын өздүк анализи. Кара-Балта шаарындагы А. С. Макаренко атындагы №10 инновациялык гимназия орто мектебинде 9 — А классында сабак өттүм. Сабакты мыкты деңгээлде өттүм, максатыма жеттим.
Төртүнчү этап финалга өттүм. Төртүнчү этаптын 1-тапшырмасы – «Визит картасы» болду. Ар бир катышуучунун визиттик картасынын узактыгы 7 мүнөттөн ашкан жок. 2 – тапшырмасы «Мугалимге – Эркин микрофон!»
Максаты: педагогикалык жамааттын лидеринин жарандык позициясын көрсөтүү болду. Сүйлөө узактыгы 2 мүнөттөн ашкан жок.
Жогоруда айтылган этаптардын баарынан ийгиликтүү өтүп, «Жыл мугалими – 2022» райондук сынагынын жеңүүчүсү аталдым.
Комментарии